Трамп аялы экөө конфетин түшүрүп ийген балага жардам бербей коюшту. Видео

Президент миньондун костюмун кийген баланын башына таттууларды койгон. Ал кыймылдаганда эки шоколад тең жерге түшүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Хэллоуин майрамынын алдында АКШ президенти Дональд Трамп жубайы менен балдарга конфет таратып жатканда күлкүлүү окуя болду.

Анын видеосу Twitter баракчасына жүктөлдү.

Трамп АКШлык аял асырап алган кыргыз кызын Ак үйгө чакырды. Сүрөт
​Трамп аялы Меланья менен Ак үйдүн босогосуна чыгып, салтка айлангандай балдарга таттуу тараткан. Президент миньондун кастюмун кийген балага жолукканда ага кантип белек берерин билбей башына коюп койгон. Биринчи айым дагы ошентип конфет берген. Ал эми миньондун алдында жөргөмүш адамдын формасын кийип турган эки бала көз жаздымда калып, белек албай калган.

Миньондун формасын кийген бала кыймылдаганда эки шоколад тең жерге түшүп кеткен. Жубайлар ага жардам беришкен эмес. Жылмайып андан ары бөбөктөргө таттуу таратышкан. Жанындагы аял сумкасын таштай коюп шоколадды балага алып берген.

Интернет колдонуучулар "эми миньондор коомчулугу келерки шайлоодо Трампка добуш бербейт", деп тамашалап жатышат.