Радио

Дарыгер депрессияга кабылган адамды кантип аныктаса болорун айтты

Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев аталган борбордо психологиялык оорунун жеңил түрүн дарылоочу эки бөлүм бар экенин айтты.
Sputnik
Дарыгер депрессияга кабылган адамды кантип аныктаса болорун айтты

Адам психологиялык илдетке чалдыкса өз учурунда дарыгерге кайрылып, оор түрүнө өтүп кетишине жол бербеши керек. Бул тууралуу Кубанычбек Эрмегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет мамлекеттерде ар бир үй-бүлөнүн же чоң уюмдун өзүнө тиешелүү психиатрлары бар.

"Бизде калк арасында психологиялык ооруга чалдыккан адамдар каттоого туруп калбайын деп психиатрга баргандан кооптонушат. Учурда психикалык дарттын жеңил түрлөрүнө кабылгандар көп болуп жатат. Алсак, депрессиядагы адам дароо эле сырткы көрүнүшүнөн билинет. Кабагын карыш түйүп, оозунун бурчтары ылдый карап, жай кыймылдап жана үнү акырын чыгып калат. Жакындары ага сөзсүз түрдө маани берип, психологго алып барганы оң. Ал эми биздин борбордо невроз, истерия, невралгия менен ооруган бейтаптарды кабыл алып дарылайбыз. Бөлүм 105 кишиге ылайыкташкан. Дарыланган бейтапка туугандары, тааныштары келип ал-абалын сурай алат. Мындайча айтканда, ачык дарыланат. Жыйынтыктары абдан жакшы", — деди Эрмегалиев.

Дарыгер көңүлү чөккөн адамга учурунда чара көрбөсө, ал чогулуп отуруп депрессиянын катуу формасына өтүп суицидге алып барарын кошумчалады.