Радио

Асанбаева: жыл аягына чейин музей кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева кийинки жылы китепканачылардын айлыгын көтөрүү боюнча учурда токтомдун долбоору даярдалып жатканын айтты.
Sputnik
Асанбаева: жыл аягына чейин музей кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин музей кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин үч гана пайызы маданият тармагына энчиленет. Бирок иш жүзүндө ал каражаттын үчтөн бир бөлүгү гана Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жетет.

"Маданият тармагынын өкүлдөрүнүн айлык акысы төмөн экени сыр деле эмес. Ошондой эле биздин министрликке бюджеттен бөлүнгөн каражаттын да көлөмү аз. Бирок ага карабастан аталган тармактын өкүлдөрүнүн маянасын этап-этабы менен жогорулатуу пландары бар. Мисалы, былтыркы жылы улуттук статусу бар 11 мекеменин кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга көтөрүлдү. Андан сырткары, быйыл Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлыгын көтөргөнү музыкалык окуу жайлардын педагогдорунун маянасы да өстү. Мына эми ушу жылдын аягына чейин музей кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлгөнү турат. Ал эми келээрки жылы болсо китепканачылардын айлыгын жогорулатууну көздөп жатабыз. Бүгүнкү күндө бул боюнча токтомдун долбоору даярдалып жатат ", — деди Асанбаева.

Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында күчүнө кирген өкмөттүн токтомуна ылайык аймактардагы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн маянасы 30-40 пайызга жогорулаганын кошумчалады.