БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Аширбаевге кол салуу болду. Бул маалыматты аталган мекеменин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, Аширбаевди 31-октябрга караган түнү саат 00.30дар чамасында белгисиз эки эркек киши келип ур-токмокко алышкан.
"Окуя эки күн мурун болгон. Канатбек Аширбаев машыгуу залынан чыгып баратканда белгисиз адамдар кол салган. Бактыга жараша, ал өзүн коргой алган. Бүгүнкү күндө абалы жакшы, жумушка чыкты. Кол салуунун максаты эмне экени азырынча белгисиз", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу ар кандай маалыматтар тарап жатканын эске алуу менен окуянын чоо-жайы тууралуу бүгүн маалымат жыйын уюштурулары айтылды.
Окуя тууралуу арыз Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн.