Бишкектеги митингдер өтүүчү парк жаңыланып, оңдолот

Сейил бак шаардыктарга митинг жана нааразылык өткөрүүгө бөлүнгөн жай катары белгилүү. Ал Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Максим Горький атындагы сейил бакты оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул парк элге митинг жана нааразылык өткөрүүгө бөлүнүп берген жай катары белгилүү.

Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бул сквердин жарык берүүчү жайлары жаңыртылып, арыктар, жолдору оңдолот. Брусчатка төшөлүп, жаңы отургучтар менен таштанды челектер орнотулат.

Бишкекте дагы эки жаңы парк курулат. Көрүнүшү видеодо
Буга чейин турган граниттен жасалган бордюрлар алынбай, анын асты жаңыланат.

Эске салсак, долбоордун эскизин "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын архитекторлору даярдап, коомдук талкууга алып чыккан.

Сейил бакты жаңылоо боюнча конкурста "Береке Стрим" компаниясы жеңүүчү болгон. Анын баасы 7 миллион сомду түзүп, каражат шаардын бюджетинен каралган. Иштин быйылкы жылдын аягында соңуна чыгары айтылды.