Бишкекте жол четинде бараткан аялды койдуруп кеткен айдоочу кармалды

32 жаштагы айдоочу жол четинде бейкапар келе жаткан 39 жаштагы аялды койдуруп кетип, из жашырган. Трагедия мындан эки күн мурда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбор калаада жөө кишини өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Трагедия 30-октябрда болгон. Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде айдоочу жөө кишини койдуруп, из жашырган.