Премьер баштаган аткаминерлер Ташкентке учту. Коштоп кеткендердин тизмеси

Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны 1-2-ноябрда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. КР делегациясын өкмөт башчы Абылгазиев жетектеди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. - Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ташкент шаарына учуп кетти.

Кеңештин жыйыны 1-2-ноябрда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт.

Кыргызстандын делегациясы:

  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;
  • Вице-премьер Жеңиш Разаков;
  • Экономика министри Санжар Муканбетов;
  • Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов;
  • Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов;
  • Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев;
  • Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;
  • Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов;
  • Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалары боюнча элчи, ШКУда Кыргызстандын атынан улуттук координатору Казыбек Көчкөнов.