ТАШКЕНТ, 1-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Ташкентте жолукту.
Өкмөт башчы ШКУ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга келген.
Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарынын келечеги жана кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу пикир алышты.
Өзбек президенти ошондой эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго салам жолдоду.
Өз кезегинде Абылгазиев эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, агро-өнөр жай жана маданий-гуманитардык байланыштар учурда жакшы жолго коюлуп жатканын билдирди.
"Чек арага жакын жайгашкан облустар кызматташууда жакшы үлгү көрсөтүп жатат. Жакында эле Ош — Анжиян, Ош — Фергана, Кызыл-Кыя — Фергана багыты боюнча автобустар каттай баштады. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын ишин канааттануу менен белгилегим келет. Мамлекеттик чек араны тактоо ишин аяктоо үчүн аны тездетүүнү сунуштайм", — деди Абылгазиев.
Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар айлануунун көлөмү үч эсе өскөн.