Бир жума бою суу жээгинде ээсин күткөн ит. Зээн кейиткен видео

Таиландда кайыгы оодарылып чөгүп кеткен эркек киши бир жумадан бери изделүүдө. Бирок күчүгү аны күндө суу жээгинде күтүп турганын видеодон көрүүгө болот.
Sputnik

Муңдуу иттин Таиланддын Чаупхрая дарыясына күндө келерин жергиликтүү тургундар байкап калган. Ал күн сайын суу жээгинде ары-бери басып, келген кайыктарды "тосуп алат".

Чыныгы Хатико! Колумбияда аэропортко ташталган ит ээсин күтүп жатып өлдү
Иттин суунун ортосунда сүзүп жүргөнүн өткөн шаршемби күнү жергиликтүү тургундар байкап калышкан. Кийинчерээк анын кожоюну кайык оодарылып чөгүп кетип, табылбай жатканы маалым болду. Ал күчүк да кожоюнунун жанында кайыкта болчу.

Күчүк суудан сүзүп чыгууга болгон аракетин жасаганын ошол жерде жашаган аял көрүп калган. Эл итке жардам берип чыгарып алган. Ушу тапта күчүктү биринчи болуп көргөн аял багып, ага Лаки деген ысым ыйгарган. Айтымында, Лаки тамактан баш тартууда.