Жээнбеков Бишкектеги кылмыштарды онлайн-көзөмөлдөө системасын көрдү

Өлкө башчыга онлайн-системанын жардамы менен кылмышкерди кармап алышканын көрсөтүшкөн. Муну менен биргеликте кызматкерлердин дагы иш-аракети көзөмөлгө алынары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бүгүн, 31-октябрда, президент Сооронбай Жээнбековго санариптешкен тайпалык борборду көрсөтүштү.

Аталган борбор шаарды онлайн көзөмөлдөйт.

Бишкекте Кайгуул милициясы ишке кирди. Кызматы жана өзгөчөлүгү
Анда төрт кызматкер видеодон байкоо салып турат. Укук бузуулар болсо, ошол эле иш бөлмөдөгү 102 кызматына кабар беришет. Ошондой эле дагы бир кызматкер издөөдө жүргөн жарандарды таап көрсөтөт.

Президентке система каттап калган тартип бузуучуну мисал катары көрсөтүшкөн.

Андан тышкары, борбордун алкагында санариптешкен байланыш башкармалыгы иш алып барат. Ал кайгуул милициясына, өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлорго жана аймактык милицияга көз салат. Аталган кызматкерлердин төшүнө тагылган камералары менен башкармалыктын өкүлдөрү кийин видеону көрө алат.