Аль-Багдадини кантип жок кылышкан. Пентагон видео жарыялады

Пентагон коомчулукка "Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдади кантип жок кылынгандыгын жарыялады.
Sputnik

Генералдын журналисттердин алдына чыгып сүйлөгөндөгү видеосу министрликтин сайтына толугу менен чыкты. Кадрдан жок кылуу операциясынын кантип башталганын, аскерлердин үйгө жакындап баргандыгын көрүүгө болот.

​"Бул жерден объектти көрүп турабыз, ал— Багдади жашырынган жай. Буга чейин айтып өткөндөй, ал Сириянын түндүк-батыш тарабындагы Идлиб провинциясында жайгашкан", — деп айтты журналисттерге АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын жетекчиси генерал Кеннет Маккензи. 

Анын айтымына караганда, видеодон "согушкерлердин абадан сокку уруп жаткан америкалык аскерлерди аткылап жаткандыгын көрүүгө болот".

Маккензи ДНК анализ Аль-Багдадинин толук жок кылынгандыгын көрсөткөн. Ал сөөк Аль-Багдадиге тиешелүү эмес деген шектенүү 1ге 104 септиллион (24 нөлдүү сан) экендигин айткан.

АКШ башкы террорчу Аль-Багдадини жок кылганын айтты. Россия ага ишенбей турат
Пентагон өкүлү "Ислам мамлекетинин" башчысы өзү менен кошо эки баласын кошо жардырып жибергендигин кошумчалады. Мурдагы маалыматтарда жанында үч баласы болгондугу айтылган. Муну президент Дональд Трамп расмий билдирүүсүндө айткан.

Буга чейин Fox News телеканалы Аль-Багдадинин деңизге көмүлгөндүгүн кабарлаган. Reuters агенттиги маалымат булактарына шилтеме берип, мындай жол менен маркумду акыркы жайга узатуу ислам дининин талаптарына жооп берет деп жазган. Анын кайда, кандайча жол менен жерге жашырылгандыгы маалымдалган эмес.