БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында уран кенин иштетүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
"Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын долбооруна 110 эл өкүлү макул деп добуш берсе, депутат Азамат Арапбаев каршы болду.
Эске салсак, Кызыл-Омпол кенинде уран казылып жатат деп жергиликтүү эл митингге чыккандан кийин Жогорку Кеңеш менен өкмөт убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган болчу. Андан кийин кытай компаниясынын лицензиясы чакыртылып алынган.