Аэропорттогу унаадан табылган сөөк. Шектүүнүн кармалганы айтылууда

Учурда башка шектүүлөр дагы изделип жатканы маалым болду. Эркек кишинин сөөгү автоунаанын багажынан 23-октябрь күнү табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Сөөгү "Манас" эл аралык аэропортундагы автоунаанын багажынан табылган кишинин өлүмү боюнча бир шектүү кармалганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам билдирди.

УКМК: сот менен милиция кызматкери 20 миң сом пара алып кармалды
Ал өткөн жумада кармалып, учурда башка шектүүлөр дагы изделип жатат. Кармалган кишинин жанында маркумга тиешелүү делген ири суммадагы акча болгону айтылды.

Маалымат берген адамдын айтымында, маркум киши колдуу болгонго чейин аэропорттон ири суммада акча алган.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кишинин сөөгү 23-октябрда табылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев маркум акча ташып иштей турганын парламентте айткан. Көп өтпөй ИИМден ал ишкер эмес, такси айдап эмгектенгенин билдирген.