Бишкектин жаңы салынган эң чоң көпүрөсү асмандан кандай көрүнөт. Видео

Бишкектеги жаңы эстакадалык көпүрөгө асфальт төшөлүп, оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Аталган көпүрө Лев Толстой көчөсүнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирмекчи.
Sputnik

Бишкекте экскаватор жүктөп алган автоунаа көпүрө алдынан өтө албай калды. Видео
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы көпүрөнүн Ауэзов менен Достоевский көчөлөрүндөгү бөлүгү аяктап жатканын кабарлады. Эгер аба ырайы өзгөрбөй турса Достоевский менен 7-апрель көчөлөрүнүн ортосундагы магистралдык жылуулук куурларын оңдоо ноябрдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул көпүрөнүн курулушу быйыл аяктады дегенди түшүндүрөт.

Ошол эле маалда эстакадалык көпүрө 2020-жылы жазында расмий түрдө ачылат. Ага карабастан көпүрө аркылуу жеңил автоунаалар каттап жатат.

Эстакадалык көпүрөнүн узундугу 95, туурасы 18 метрди түзүп, шаардагы эң чоң көпүрө болуп калды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.