Алтын медаль! Кыргызстандык спортчу күрөш боюнча чемпионатта жеңди. Видео

Финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы индиялык спортчу Равиндер Равиндер болду. Улукбек Жолдошбеков атаандашына баары бир жеңилүү ызасын тарттырды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча 23 жаштан (U-23) ашпагандардын дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Турнир Венгриянын борбору Будапешт шаарында 28-октябрда башталган. Кыргызстандан тогуз спортчу барган.

Балбан Жолдошбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Жеңиштин видеолору
Финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы индиялык спортчу Равиндер Равиндер болду.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтындагы маалыматтарга караганда, Жолдошбеков атаандашын 5:3 эсеби менен жеңген. Ал 61 килограммга чейинки салмактагылардын категориясында таймашып жаткан. Биринчи беттеште түркиялык спортчу Селехаттин Сертти 15:6 эсебинде уткан. Жеңилип калган экинчи атаандашы Валентин Блесецк болду (6:5).

Чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайга жеңилүү ызасын тарттырды. Ал эми жарым финалда япон балбаны Рютаро Хаяо менен беттешип, 12:1 менен утуп алган.