Бишкекте миңден ашык камера орнотулат

Бишкекте санариптештирилген командалык борбор иштей баштады. Анда көчөлөрдө жасалган кылмыштарга байкоо салынып, кылмышка шектүүлөр кармалып, табылат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жыл соңуна чейин Бишкек шаарына миңден ашык камера орнотулат. Бул тууралуу ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев журналисттерге билдирди.

Бүгүн, 31-октябрда, Бишкек шаарында санариптештирилген командалык борбордун ачылышы өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Борборго байкоо салган камералардан кишилердин жүзүн тааныган маалыматтар түшүп турат. Операторлор көчөнү карап, эгерде мыйзамсыз кадамдар болуп баратса чыр чыккан жерге милиция кызматкерлерин жиберет. Мындан сырткары, аталган камералар издөөдөгү адамды табууга жардам берет.

Министрдин айтымына караганда, ушу тапта 60 камера орнотулса, анын 20сы кишини жүзүнөн тааныйт.

"Бишкек шаарында миңден ашык камера орнотулат", — деди Жунушалиев.

Кишини жүзүнөн тааныган камера. Жээнбеков "шектүү" кантип кармаларын көрдү. Видео
Анткени менен анын канчасы кишини жүзүнөн тааный турган аппарат экендигин так билдирген жок.

Муну менен катар эле Ош шаарына келерки жылдын жарымынан тарта камера орнотуу пландалууда. Президент бул багытта тапшырма берип, жогорудагыдай борборлорду облустун бардык жагына ачуу зарылдыгын айткан.

Ошондой эле Жунушалиев кытай компаниясы 5,3 миллион долларлык жабдууларды бекер орнотуп бергендигин кошумчалады