БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кишини бетинен тааныган камералардагы маалыматтар чет жакка кетпейт деп ишендирди.
Социалдык тармактардын колдонуучулары кишини бетинен тааный турчу камералар менен жабдууларды кытай компаниясы алып келип жаткандыктан, маалыматтар Кытайга берилип кетиши ыктымал деген чочулоолорун билдирген болчу.
Жунушалиевдин айтымында, биринчи этаптын алкагында 60 камера орнотулуп, алардын 20сы адамды жүзүнөн таануу жөндөмүнө ээ. Кытайдын CEIEC компаниясы 5,3 миллион долларлык жабдууларды алып келген. Анын ичинде камера менен мониторлор бар.
Бүгүн, 31-октябрда, Бишкекте санариптештирилген башкаруучу борбор ачылган. Ал жакка адамды жүзүнөн тааныган камералардан маалымат келип түшөт. Операторлор көчөлөргө көз салып, кылмыш болгон учурда милиция кызматкерлерин жиберет. Андан сырткары, бул камералар издөөдө жүргөн кишилерди табууга жардам берет.
Жаңы орнотулган камералар кандай иштей турганын президент Сооронбай Жээнбеков борборго барып, көрдү.