6 миллион 700 миңден ашуун аңчылык аянтына лицензия алып иштетип жаткан 42 чарба бар. Алар өз аймагын коругандан сырткары 167 мергенчини иш менен камсыз кылышат. Эгер аңчылыкка мораторий киргизсек, өкмөт ушул чарбалардай болуп жаратылышты карап, кайтарып, корукка ала алабы деген суроо жаралат. Өкмөттүн учурда мындай иштерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Бул тууралуу Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай мыйзамды кабыл алуу менен, тескерисинче, браконьерлерге жакшы шарттар түзүлөт. Алар көзөмөл жоктугунан пайдаланып, жылдын төрт мезгилинде тең аңчылыкка чыгып калышат.
"Бул мыйзам коомчулукта да, парламентте да кызуу талкуу жаратты. Демилгечилер маселени терең изилдеп чыкпай эле сунуштап койгону көрүнүп турат. Жеке мен, өкмөт учурда лицензия алып иштеп жаткан чарбалардын ишин аткарууга каржылык жактан мүмкүнчүлүгү жок экенин айтканда, каршы болдум. Анткени жапайы жандыктарды атууга тыюу салуу менен аталган чарбалар ишмердүүлүгүн токтотот, мындан пайдаланган браконьерлер каалаган убакта аңчылыкка чыгып башташат. Экинчиден, бюджеттик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу эми түшкөн каражат толугу менен жергиликтүү бюджетте калат. Үчүнчүдөн, сейрек кездешүүчү жаныбарларга жылына жалпы санынын бир пайызына да жетпегенине уруксат берилет. Бул жаныбарларды кырып салды дегенге жатпайт", — деди Бакиров.
Депутат аңчылыкка келген чет элдиктер Кыргызстанда орто эсеп менен 15-20 миң доллар акчасын короторун, эгер тыюу салынса, алар Тажикстан, Казакстан сыяктуу башка мамлекеттерге деле бара беришерин кошумчалады.