Арбитр кыз футболчу Кака менен селфи жасоо үчүн оюнду токтотту. Видео

Бразилия менен Израилдин курама командаларынын беттешинде башкы калыс жарым коргоочу Кака менен сүрөткө түшүү үчүн оюнду токтотуп койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Видео FootbaII_HQ Twitter баракчасына жарыяланды.

Жарым жылаңач кыз оюн талаага чуркап чыгып, футбол токтоду. Видео
​Арбитр матчты токтотуп, оюнчуга сары кагазды карматкан да, ал туруп калганда чөнтөгүнөн мобилдик телефонун алып чыгып, футболчу менен сүрөткө түшкөн. Жолдоштук бул беттеш Бразилиянын жеңиши менен 4:2 эсебинде аяктаган.

Кака карьерасын 2017-жылы аяктаган. Жарым коргоочу Испания чемпионатында Мадриддин "Реал" командасында ойногон. Ал эми "Милан" менен биргеликте А сериясында жана Чемпиондор лигасында жеңишти камсыздаган. Бразилиянын курама командасында ойноп, 2002-жылы дүйнөнүн чемпиондугуна жеткен.