БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында жакын арада 25 жерге жол чырак коюларын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, автоунаалар үчүн 18, жөө кишилер үчүн 7 светофор орнотулат.
"Акимдер, муниципалдык мүлк башкармалыгы, шаардык транспорт жана Бишкек ЖКККББнын жолду көзөмөлдөө кызматкерлери менен комиссиялык кеңеш өткөрүп, кайсы жерге жол чырак орнотууну талкуулайбыз. Жаңы жабдууларды алуу жергиликтүү бюджеттен каржыланат", — деп айтылат маалыматта.
18 жол чырак төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине коюлмакчы:
- Ахунбаев менен Куйручук;
- Токтогул менен Раззаков;
- Малдыбаев менен Суеркулов;
- Жукеев Пудовкин менен Саманчин;
- Щербаков менен Орозбеков;
- Орозбеков менен Саадаев;
- Сүйүнбаев менен Токтогул;
- Токтогул менен Гоголь;
- Токтогул менен Шопоков;
- Ауэзов менен Көлбаев;
- Москва менен Тыныстанов;
- Дэн Сяопин менен Кустанай;
- Профсоюз менен Месарош;
- Махатма Ганди менен Можайск;
- Садыгалиев менен Жамгырчинов;
- Тыналиев менен Миңжылкыев;
- Үмөталиев менен Фрунзе;
- Профсоюз менен Кайназарова.
Ал эми жөө кишилер үчүн жол чырактар төмөнкү дарек боюнча орнотулат:
- Махатма Ганди көчөсүнө, ИСИТОнун маңдайына;
- Патрис Лумумба менен Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишине;
- Масалиев менен Бакаев көчөсүнүн кесилишине;
- Койбагаров менен Каралаев көчөлөрүнүн кесилишине;
- Юнусалиев көчөсүнө, "Мега-сити" турак жай комплексинин маңдайына;
- 7-Апрель көчөсүнө, Улан-2 кичирайонунун маңдайына.
Мэриянын маалымат кызматы келишим түзүлүп, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан инженердик-техникалык нускамасы даярдалганын билдирди.
Бул иштерди аткаруу боюнча жарыяланган тендерди "Архипринт" компаниясы утуп алган.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.