Өмүрү жана тагдыры. Турдакун Усубалиев тууралуу китеп жарык көрдү

Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мунун алкагында мамлекетти чейрек кылым башкарган улуу инсандын өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кыл иш-чаралар өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бүгүн Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерватория биргелешип Осмонакун Ибраимовдун "Турдакун Усубалиев: өмүрү жана тагдыры" китебинин расмий бет ачары өткөрдү.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мунун алкагында мамлекетти чейрек кылым башкарган улуу инсандын өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кыл иш-чаралар өтүп жатат.

Нарында Турдакун Усубалиевдин эмгегин чагылдырган көргөзмө өттү
Китептин бет ачары өткөн консерваторияга  Усубалиевдин үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары, замандаштары жана президенттик аппараттын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.

Ибраимовдун китебинде Усубалиевдин узак жана татаал турмушу, көп жылдардын ичинде өзгөрүп турган дүйнөгө көз карашы, жазуучу Чыңгыз Айтматов сыяктуу көрүнүктүү инсандар менен мамилеси тууралуу айтылган.