Айтылуу Моника Беллуччинин сүрөтү күйөрмандардын сынына кабылды

Сын айткандар менен биргеликте Беллуччинин таламын талашып, актриса боенбогону үчүн бырыштары байкалып калганын жазгандар болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 55 жаштагы италиялык актриса Моникка Беллуччи сырткы келбети менен күйөрмандарын таң калтырды. Интернетке анын Римдеги батиринен чыгып бара жаткан сүрөтү тарап кеткенин "Известия" жазды.

Өз курагынан бир топ жаш көрүнгөн артистти бул жолу ретушу (жасалгасы жок — ред.) жок сүрөттөн көрүшкөн.

Тери оорусуна кабылган Кардашьян дартынын белгилерин көрсөттү. Сүрөт
"Ал карыгандай. Бырыштары көбөйүп кетиптир", — деп жазган социалдык тармактын колдонуучусу.

"Убакыт-мезгил эч кимди аябайт тура", — деген дагы бир катталуучу.

"Чын эле ошобу? Көргөн көзүмө ишенбей турам", — деген оюн билдирген башка колдонуучу.

Ошол эле учурда Беллуччинин таламын талашып, актриса боенбогону үчүн бырыштары байкалып калганын айтышкан.