Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон

Тарыхый буюмдарды Бишкектен Үрүмчүгө жеткирүү аракети жасалган. Бирок бажычылар менен аэропорттун кызматкерлери буга жол берген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, монеталар алтындан жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон

Адистер баалуу металлдан жасалган буюмду алып бараткан аялды 24-октябрь күнү "Манас" аэропортунан кармашкан. Кытай жараны Бишкектен Үрүмчүгө учууга аракет жасаган. Аны колго түшүрүүгө Авиациялык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жардам берген.

Аялдын жанында төмөнкү буюмдар болгон:

Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон

Сары металлдан жасалган түрдүү номиналдагы 23 монета (алдын ала маалымат боюнча, алтын). Ага орус тилинде түрдүү жазуулар жазылып, XIX жана XX кылым деген белгилер түшүрүлгөн;

Монетадан жасалган эки билерик (алдын ала маалымат боюнча, алтын). Браслеттин ар биринде бештен байыркы монета болгон.

Учурда буюмдардын баасы менен башка жагдайлар такталып жатат.