БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов парламенттин жалпы жыйынында быйыл кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчпөйт деп сөз берди.
Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча КР өкмөтүнүн иши жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карашты.
"Кышында электр энергиясы тартыш болбойт, бардык чаралар көрүлгөн, суунун көлөмү жетиштүү", — деди Боронов.
"Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башкаруучулугунун башчысы Айтмамат Назаров быйыл коңшу мамлекеттерден электр энергиясы сатып алынбай турганын белгиледи.
Депутат Мирлан Жээнчороев "Өкмөт электр энергиясынын баасын азайтуу же бирдей кылуу боюнча аракеттерди көрүп жатабы?" деп кызыкты.
Өз кезегинде Боронов өкмөт жакынкы күндөрү орточо чукул тарифти киргизе турганын айтты.
"Азыр документтер кабыл алынып, өкмөттө каралып жатат. Баасы өзгөрбөйт, ушул бойдон калат", — деди вице-премьер.
Ал ошондой эле калк үчүн белгиленген 700 кВт саатты чындап муктаж болуп жаткандарга бөлүп кароо боюнча ойлор бар экенин кошумчалады.
Ал эми "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башкаруучулугунун башчысы Айтмамат Назаров авариялык өчүрүүлөр жылдан-жылга азайып жатканын белгиледи. Мисалы, 2018-жылдын 9 айында 3905 жолу авариялык өчүрүү болсо, быйыл 9 айда 3418 болгон. Башкача айтканда, авариялык өчүрүүлөр 12,5 пайызга азайган.