Тасма ria.ru порталынын YouTube каналына жарыяланды. Аны РИА Новости сайтынан дагы көрүүгө болот.
"Бүгүнкү күндө Донбасста жарандык согуш болуп жатат. Бул согуш беш жылдан бери токтобой келет. Мындан улам Донбасстын эли менен сүйлөшүп, алар бул убакыт аралыгында эмнелерди баштан кечиргенин жана келечегин кандай элестетишерин сурагым келди", — деди Вышинский.
Тасма сегиз сериядан туруп, жума сайын YouTube каналына жүктөлүп турмакчы.
Эске салсак, Украинанын Башкы прокуратурасы 2015-жылы Россиянын жарандыгын алган, "РИА Новости Украина" агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди 2018-жылы 15-май күнү колго түшүрүп, мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан. Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.
Херсон соту ошол эле жылы аны 17-майда камакка алуу чечимин чыгарган. Журналист Россия лидери Владимир Путинге жардам сурап кайрылган. РФ президенти анын камакка алынышын сындап, Москва Киевге басма сөз өкүлдөрүн басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган нота жиберген.
Кийин 2019-жылы 28-августта Киевдин апелляциялык соту аны камактан бошоткон.