Полицияга жеткирбей аянтты аралап качкан каман. Казакстандагы видео

Жаныбардын чоңдугун жана анын адамга коркунуч туудура турганын эске алуу менен жерине Жол кайгуул кызматы жөнөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Казакстандын Уральск шаарынын борборуна кайдан-жайдан жапайы каман кирип келип, полиция кызматкерлерин убарага салды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды. https://ru.sputniknews.kz/regions/20191029/11888080/dikiy-kaban-uralsk.html

"Астана" кичирайонундагы Биринчи Президент аянтында жүргөн каманды өтүп бараткандар көрүп калып, полицияга кабарлаган.

Жаныбардын чоңдугун жана анын адамга коркунуч туудурарын эске алуу менен жерине Жол кайгуул кызматы жөнөтүлгөн.

"Тартип сакчыларга каманды атууга же ага карата башка курал колдонууга тыюу салынган. Ошондуктан алар жаныбарды жөн гана кубалаган", — деп кабар берген Батыш-Казакстан облусунун полиция департаментинин маалымат кызматы.

Ашканада отурган кишилерди качырып кирген камандын видеосу
Видеодон жаныбар тартип коргоо органдарынын катуу үнүнөн чочуп, аянттан тыш чуркап өткөнүн көрүүгө болот. Анын аркасынан чуркаган полиция кызматкерлери каманды таппай калышкан.

Жыл башынан бери Казакстандын чыгыш тарабындагы адам жашаган аймактарына камандар үчүнчү жолу кирип келгени айтылат. Бир жолкусунда полиция жаныбарды атууга аргасыз болгон.