Ирак: чабандар согушкерлердин көмүлгөн 25 млн. долларлык кенчин таап алды

Чөлгө көмүлгөн кенч — акча, алтын, күмүш түрүндө болгон. Террорчулардын мүлкүн жергиликтүү койчулар капыстан эле таап алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Чабандар Ирактын батыш жагындагы чөлдөн "Ислам кыймылы" террордук уюмунун башчылары тарабынан көмүлгөн 25 миллион долларлык кенч таап алды. Бул туурасында РИА Новости Al-Arabiya телеканалына шилтеме кылып кабарлады. 

Анда согушкерлердин Анбар провинциясынын аймагындагы чөлдөн акча, алтын жана күмүштү кошкондо суммасы чейрек миллион долларлык мүлктү көмүп койгону айтылган.

Террорчулардын мүлкүн жергиликтүү койчулар байкаган.