БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттин аппарат жетекчисинин экс-орун басары Икрамжан Илмияновду Октябрь райондук соту мал-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратты.
Сот өкүмүн чыгарар алдында Илмияновго акыркы сөз берилди. Ал өз сөзүндө ага карата коюлуп жаткан айыптардын бири да тастыкталбаганын, прокурорлордун келтирген жүйөлөрү негизсиз экенин белгиледи.
"Мага коюлуп жаткан айып эч бир чындыкка дал келбейт. Фактысы жок, өзүңүз (сотко кайрылып — ред.) окуп, өзүңүз териштирип жатасыз. Аягында эмне демекмин, мен жана менин ата-энем, алты жаш баламдын бактысы үчүн бүгүнкү күндө мен сизден суранып турам, биринчиден, кудайдын алдында, мыйзамдын алдында ушул жагдайлардын баарын тактап, "акты ак, караны кара" деп чечим чыгарат деген үмүттөмүн. Мага коюлуп жаткан күнөө, сиз өзүңүз териштирип көрүп жаткандай, жалган жалаа, эч бир далили жок. Мени күнөөлөгөн далилдердин эч бир чындыкка дал келбегенин баары көрүп турат, өзүңүз да көрдүңүз. Бүгүн биздин үй-бүлө, ушул залга келген тууган-урук сизден ушунун баарын так териштирип, акыйкат чечим кабыл алат деген үмүттөбүз. Менин суранганым ушул", — деди ал.
2018-жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери Илмияновду Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келген. Ал алдамчылыкка шектелип УКМКнын убактылуу жайына камакка алынган.
Илмиянов чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп айыпталган.