БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларында негизги азык-түлүктүн баасын жарыялады.
Маалыматтар үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата алынып, Бишкек, Нур-Султан, Москва жана Минск шаарларындагы баалар салыштырылган.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө негизги азык-түлүктүн баасы канча? Статистика
Статистикадан эттин баасы Россиянын борбор шаарында эң эле жогору экенин байкоого болот. Москвалыктар бир килограмм уйдун этин 6,51 долларга (454 сом), койдун этин 8,33 долларга (581 сом) сатып алышат. Ал эми ундун баасы Бишкекте арзан экени көрсөтүлөт. Картошканын баасы болсо төрт шаарда тең дээрлик бирдей.