Бишкекте кечкурун автоунаа сүзүп кеткен адам каза болду. Cүрөт

Адам өмүрүн алган жол кырсык Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан окуянын кандай болгонун иликтеп жатканын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот, аны ак кездеме менен жаап коюптур деп билдирди "Бишкек сегодня" Телеграмм каналына окурман.

Шаардык милициядан аталган жерден кишини автоунаа сүзүп кетип, анын каза болуп калгандыгын айтышты. Трагедия 30-октябрда, бүгүн, болжол менен 21:30да болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан окуянын кандай болгонун иликтеп жатканын айтышты. Каза болгон адам тууралуу азырынча так маалымат жок. Кишини койдуруп алган айдоочунун ордунда бар же жок экени да так билине элек.