Заара ушатпа деп эскертүү алган жигит күзөтчүнү сабап салды. Окуянын видеосу

Жабырлануучу тараптын айтымында, күзөтчү токтоп турган унаанын жанында заара ушатып жаткан жигитке эскертүү берген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте 60 жаштагы күзөтчү сабалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучунун бир тууганы кабарлады.

Анын айтымына караганда, окуя 30-октябрга караган түнү саат 02:30дар чамасында Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон.

Лейлекте 25 жаштагы жигитти өз үйүнөн желкеге атып кетишти
Кадрдан белгисиз киши күзөтчүнү жерге жаткырып алып тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Бир маалда анын жанына башка киши чуркап келип кол салган жигитти ары жакка алып кетүүгө аракет жасаганы байкалат.

Жабырлануучу тараптын айтымында, күзөтчү токтоп турган унаанын жанында заара ушатып жаткан жигитке эскертүү берген.

Алар милицияга үч саат мурун кайрылып, учурда тергөөчүнүн келишин күтүп жатышат.