Чүйдүн атайын интернаттарындагы балдар үйүнө кайтат

Красная Речка жана Дмитриевкадагы интернатта жана Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланган жеткинчектерди үйүнө кайтарып, жакындары менен болуусуна бардык аракеттерди көрүү чечими кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда жайгашкан атайын интернаттагы балдар үйлөрүнө кайтып, кадимки мектептен билим алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Майыптыгы барларды окутууну өнүктүрүү концепциясы бекитилди
Билдирүүгө ылайык, аталган министрликтин балдар үйлөрү менен интернаттарды реформалоо боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өткөн.

Чогулуштун жыйынтыгы менен Красная Речка жана Дмитриевка айылдарындагы интернатта жана Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланган жеткинчектерди үйүнө кайтарып, жакындары менен болуусуна бардык аракеттерди көрүү чечими кабыл алынган.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган жайларда жашаган балдардын үй-бүлөсү менен болуп, инклюзивдик билим алуусуна болгон күчүн жумшамакчы.