Радио

Жапаров: "Бир Бол" партиясынын программасы ишке ашкан жок

"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров бүгүнкү бийлик фракциянын купулуна толук кандуу толбой жатканын айтты.
Sputnik
Жапаров: "Бир Бол" партиясынын программасы ишке ашкан жок

"Бир Бол" партиясынын программасы, тилекке каршы, толугу менен ишке ашкан жок. Айрым гана пунктуларын аткара алдык. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, депутаттын мындай пикири менен партиянын мүчөлөрү да макул.

"Бир Бол" партиясынын программасы толук кандуу ишке ашкан жок. Биз экономикалык секирик жасабасак, азыркы балчыктан чыга албайбыз. Бул менин жеке көз карашым, партиялаштарым да ушуну туура көрүп жатышат. Билим берүү тармагы болобу, экономикадабы, кескин түрдө, ачык-айкын айтып иштеш керектигин, мындай кадамдарга барууга даяр кадрларыбыздын бар экенин да жашырган жокпуз. Тилекке каршы, аз болгондуктан бизден эч ким деле эч нерсени сурабайт", — деди Жапаров.

Депутат 2020-жылкы парламенттик шайлоодо кедей-кембагалдардын кызыкчылыгын айтып чыккандар, жеке менчикти коргогондор жана бийликтин сөзүн сүйлөгөндөр болуп үч багытка бөлүнгөн кыймылдар ортосунда күрөш жүрөт деген божомолун кошумчалады.