Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги унга болгон бааны көзөмөлдөй албайт. Анткени буудай Казакстандан импорттолот. Бул тууралуу Сагын Маматоморов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөлөрдөн келген товарлардын баасы рынок шартында гана бекитилип, тескелип турат.
"Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ундун баасын түздөн-түз көзөмөлдөй албайт. Анткени буудай чет жактан импорттолот. Бирок бизде социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу боюнча өкмөттүн токтому бар. Ага ылайык, нан, ун жана буудайдын наркы бир айдын ичинде сатылып жаткан баасынан 20 пайызга же андан жогору кымбаттаса дароо мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул учурда Каржы полициясы, Салык кызматы жана Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тийиштүү чараларды көрүп, 90 күнгө ундун жана буудайдын баасын өлкө аймагы боюнча бирдей кылып бекитип берет. Эгер аталган талап аткарылбай, үч ай аралыгында баалар жогорулап кетсе, анда ишкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылып, 10-15 миң сомдун тегерегинде айып пул төлөшөт", — деди Маматоморов.
Ошондой эле ал социалдык жактан маанилүү товарлардын катарына буудай, кара буудай уну, бөлкө нан, 2,5-3,2% майлуулуктагы пастерленген сүт, өсүмдүк майы, каймак майы, эт, кумшекер, күрүч, макарон азыктары,тоок жумурткасы, картошка, көмүр, Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизель отуну жана суюлтулган газ кирерин кошумчалады.