Бейшембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бейшемби, 31-октябрда, күндүз республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, ал эми Ысык-Көл аймагында +11...+16 жана Нарын жергесинде +10...+15 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +20...+22, Ошто +19... +21 градус болору болжолдонду.