Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды куттуктады

Өлкө башчы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген алака боордош эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деген ишенимин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын күнү менен өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганды куттуктаган телеграмма жолдоду. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге да токтолгон.

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман улуттук майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген алака боордош эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жеке салымыңызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыңызга зор ыраазычылык билдирем", — деп белгиленген куттуктоодо.

Жээнбеков Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми Түркия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.