Жаза аткаруу кызматына жаңы Land Cruiser белекке берилди

Мелис Турганбаев БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы башкармалыгы менен ЖАМК тыгыз мамиледе экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы башкармалыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы Land Cruiser жолтандабасын белекке берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Автоунаа шейшемби күнү "КРдин кылмыш-жаза системасы боюнча камактагы адамдар арасында экстремисттик идеялардын жайылышын алдын алууну ишке ашыруу" долбоорунун алкагында тапшырылды. Иш-чарага ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев, анын орун басары Аскат Эгембердиев, БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыктын жетекчиси Андрей Селезнев менен ЖАМКтын борбордук аппаратынын жеке курамы катышты.

АКШ визасы боюнча чыр. БУУнун баш катчысы Россияны колдоду
Селезнев бул белек экстремисттик идеяларга каршы күрөшүүдө жана анын алдын алууда оперативдүүлүктү жакшыртууга пайдасы тиет деген үмүттө экенин билдирди.

Ал эми Турганбаев БУУнун аталган башкармалыгы менен ЖАМК тыгыз мамиледе иштерин белгилеп өттү. Анын айтымында, кызматташкан жылдар аралыгында коопсуздукту күчөтүүдө жана абактагылардын ден соолугуна кам көрүүдө кыйла жетишкендиктер болгон.