Виза ачып берем деп элди 96 миң долларга алдап кеткен аялдар кармалды

23-октябрда милицияга 11 киши кайрылып, "Н" жана "З" аттуу аялдар виза жасаттырып берем деп миңдеген доллар алып, таптырбай жатканын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктарга АКШ менен Норвегияга виза жасаттырып берем деп 96 миң доллар алып изин жашырып кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Виза ачып берем деп элди 96 миң долларга алдап кеткен аялдар кармалды

Бишкектик кишини жарым миллионго алдап кеткен. Шектүү Россиядан кармалды
Ага ылайык, 23-октябрда милицияга 11 киши кайрылып, "Н" жана "З" аттуу аялдар 2018-жылдын сентябрынан бери виза жасаттырып берем деп миңдеген доллар алып, таптырбай жатканын айтышкан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча иш козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

"Изилдөө иштери учурунда Бишкек ШИИБдин криминалдык милициясы шектүү катары 46 жаштагы З.Ж. менен 59 жаштагы О.Н. аттуу аялдарды кармаган. Алар ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милиция эгер шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо 0550-102-168, 0555-888-864 телефондору же 102 номери аркылуу кайрылса болот.