Кыргызстан менен Ирандын соода алакасы жеңилдеди. Товарлардын тизмеси

Соода-сатык жаатында жеңилдиктерди берүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда келишим түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосунда эркин соода-сатык жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу келишим күчүнө кирди. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБдин экспортчуларына жеңилдик берилген товарлардын тизмесине эт жана май продукциялары, кондитердик азыктардын айрым түрлөрү, шоколад, ошондой эле металл, косметика, электрондук жана механикалык жабдуулардын өзүнчө түрлөрү кирген.

Ал эми Иран тарап төмөнкү товарларга жеңилдиктерди киргизген: жашылча, мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, ошондой эле курулуш материалдары, идиш-аяк, килем, түстүү металлдардын айрым түрлөрү.

"Түзүлгөн келишим бажы төлөмдөрүнөн каражат үнөмдөөгө шарт түзөт. Бул документ Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелеринин негизинде соода-сатыктын ачык-айкындуулугун камсыздап, соода алакасын өнүктүрүү үчүн кошумча стимул болот", — деп айтылат маалыматта.

Документте ЕАЭБ өлкөлөрү Иранга алып кирген негизги товарлар (жалпы экспорттун 55 пайызы) камтылган.

ЕАЭБде транспорттук кызматтардын рыногун түзүү пландалып жатат
Белгилей кетсек, ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча убактылуу келишимге 2018-жылдын 17-майында кол коюлган. Ал эми 2019-жылдын 28-августунда ЕЭКтин штаб-квартирасында комиссиянын башчысы Тигран Саркисян жана Ирандын Россиядагы элчиси Мехди Санаи тиешелүү процедуралар жыйынтыкталганы боюнча ноталар менен алмашкан.

Саркисян ЕАЭБ менен Ирандын бизнес коомчулугу соода тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген. 2018-жылдын жыйынтыгында ирандык экспортчулар алып келген товарлары 27 пайызга өскөн, ал эми ЕАЭБден Иранга кирген товарлардын көлөмү 17 пайызга жогорулаган. Соода жүгүртүүнүн суммасы 2,7 миллиард долларды түзөт.