Билими жок эле СССРдин эл артисти болгон. Даркүл Күйүкованын сүрөттөгү ирмемдери

Sputnik

Актриса Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна (азыркы Аламүдүн району) караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштап, ата-энесинин каршылыгына карабай эмгек жолун мектепти аяктаган соң 17 жашында Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. СССРдин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык роль аткарып, кинодо да бир топ образдарды жараткан. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүрүп, узакка созулган оорунун кесепетинен 77 жашында көз жумуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Залкар актриса жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

 

1 / 12
Таланттуу актриса актёрлук билими жок эле СССРдин эл артисти боло алган
2 / 12
Дыйкандын кызы ата-энесинин каршылыгына карабай 10 жашынан тарта эле театрга аралашкан
3 / 12
Күйүкова 1940-жылдан баштап Кыргыз драма театрында иштеген
4 / 12
Замандаштар: Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева жана төкмө акын Эстебес Турсуналиев
5 / 12
СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдө тартылган
6 / 12
"Биринчи мугалим" тасмасында Күйүкованын роль жаратып жаткан учуру
7 / 12
Актриса Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийине жеткире аткарган
8 / 12
"Ак кеме" тасмасында шаман аялдын образын жараткан актриса согуштук эпизодунда
9 / 12
Актриса төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.
10 / 12
Даркүл Күйүкова "Аптап" тасмасында да тартылган
11 / 12
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Күйүкова алтайлык актёр Расул Укачин менен
12 / 12
Кыргыз ССРинин эл артисти узакка созулган оорунун кесепетинен 77 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан