Токтогул көчөсүндө жети аялдама курулат. Эскиз

Аялдаманын дизайнын "Бишкекбашкыархитектура" иштеп чыккан. Конструкция көчөнүн жети кесилишине коюлат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул көчөсүнө жети аялдама орнотулуп, ижарага берилерин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги "Ак кула" ат майданы кантип жаңыланат? Эскиз
Аялдаманын дизайнын "Бишкекбашкыархитектура" иштеп чыккан. Алар Токтогул көчөсүнүн Үсөнбаев, Раззаков, Логвиненко, Исанов, Коёнкөзов көчөлөрү жана Эркиндик менен Жаш гвардия проспектилери менен кесилишкен жерине коюлат.

Бюджетти үнөмдөө үчүн аялдамалар ижарага берилет. Андан сырткары, таштанды челектер менен орургучтар ижарага алгандардын эсебинен жасалат.

Мэриянын маалыматына караганда, кийин Токтогул көчөсү менен коомдук транспорт көп каттай баштайт. Азыр бул көчө менен батышты карай №222 маршрутка менен №48 автобус гана жүрөт.