Кыргызстанда үч жаныбарга аңчылык сезону ачылды

Кыргызстанда кыргоолго, ондатрага жана уларга аңчылык кылууга бир айдан көбүрөөк убакыт берилет. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жаныбарларды атууга чек койду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кыргоолго, ондатрага жана уларга аңчылык кылуу убактысы расмий ачылды, ал бир айдан көбүрөөк убакытка созулат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттин агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, быйылкы сезондо 4 250 кыргоол, 1 200 улар жана 1500 ондатра атууга уруксат берилет. Мекеменин маалымдашынча, Кыргызстан боюнча 31 568 кыргоол, 27 569 улар жана 19 823 ондатра бар.

Аңчылык сезону декабрь айынын биринчи жекшембисинде аяктайт.