Күйүүчү майды куюп алып саткандар аныкталды. Сүрөт

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы күйүүчү майды чаржайыт сатып жаткан аймактарды аныктоо боюнча иштерди улантат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Арча-Бешик жаңы конушунда күйүүчү майды куюп алып саткан жерди аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эки тоннадан ашык АИ-95 үлгүсүндөгү бензин эч кандай документи жана шарты жок түрдө сатылып жаткан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы күйүүчү майды чаржайыт сатып жаткан аймактарды аныктоо боюнча иштерди улантат.

Аталган кызмат бензинди башаламан сатып жаткандарды көргөндөр болсо (0312) 323 091, 323 707 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.