БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн, 29-октябрда, Боом капчыгайында тоодон таш түшүрүү учурунда машиналар токтоп турганда жоокерлер бараткан аскерий автоунаага маршрутка келип урунган. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аскерий автоунаа менен жоокерлер Бишкекке келе жаткан.
Анын кесепетинен бир офицер жабыркап, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, маршрутканын тормозу иштебей калган.
Кырсык тууралуу Аскер прокуратурасына кабар берилип, жеринде ЖКККББнын өкүлдөрү иштеп жатат.
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы бус алгач Mercedes-Benz W124 автоунаасын сүзүп, андан кийин КамАЗга барып урунганын билдирди. Бустун айдоочусу менен жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Автоунаа атайын машина токтотуучу жайга токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалды.