Мушкер Ибраимов бир турнирде төрт мушкерди жеңип, Toyota утуп алды. Видео

ММА турниринде Кыргызстандын 57 килограмм салмактагы алдыңкы мушкерлери олимпиадалык тартип менен күч сынашкан. Тагыраагы, 1/8 беттештен баштап финалга чейин жеткен мушкер жеңүүчү аталды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкекте аралаш мушташ боюнча WEF Gran Prix 2 турнири өтүп, байгеге коюлган Toyota Camry 5 унаасын Рыскулбек Ибраимов утуп алды. Бул тууралуу турнирди өткөргөн Кулатуу эр таймаш федерациясынан кабарлашты.

Рафаэль Физиев UFC турниринде биринчи ирет жеңишке жетти. Видео
Мелдеште Кыргызстандын 57 килограмм салмактагы алдыңкы мушкерлери олимпиадалык тартип менен күч сынашкан. Тагыраагы, 1/8 беттештен баштап финалга чейин жеткен мушкер жеңүүчү аталды. Жалпысынан 16 мушкер ат салышты.

Натыйжада финалда Рыскулбек Ибраимов менен Арген Муратбек уулу беттешип, калыстардын чечими менен Ибраимов жеңүүчү аталган.

Сыйлык катары спортчуга Toyota Camry 5 үлгүсүндөгү унаа ыйгарылды. Автокөлүктүн ачкычын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков тапшырган. Ал эми Арген Муратбек уулуна 40 миң сом сый акы берилген.

Эске сала кетсек, биринчи WEF Grand Prix турнири ушул жылдын 21-мартында өтүп, жалаң 66 килограмм салмактагы мушкерлер күч сынашкан. Анда "Тайсон" каймана аты менен таанымал спортчу Канат Келдибеков жеңүүчү аталып, Mercedes-Benz унаасын алган.
ЖаңылыктарСпортКыргызстанбайгеунаатурнирБишкекWEF