АКШда эки унаанын кагышуусу үй-бүлөнү ажалдан сактап калды. Видео

Американын Финикс (Аризона штаты) шаарында эки унаанын кагышуусу жөө адамдарды ажалдан сактап калды.
Sputnik

Окуя жолдун кесилишиндеги камерага түшүп, аны полициянын шаардык башкармалыгы жарыялаган.

Tico жолдо токтотулган Audi автоунаасынын сазайын берди. Куршабдагы окуянын видеосу
Кадрдан жаш жубайлар коляскага баласын сүйрөп, жөө адамдар өтө турган чийинде кетип баратканын көрүүгө болот. Бир маалда жол чырактын кызыл түсүнө карабастан катуу ылдамдык менен бара жаткан унаа чыга калган. Бирок жөө адамдардын бактысына аны капталдан башка унаа сүзүп, экөө тең жол четине ыргып кеткен. Эгер экинчи авто чыга калбаганда жөө адамдар унаа алдында калышы ыктымал эле. Жүрөгү оозуна тыгылган жубайлар жолдун аркы бетине чуркап жөнөшкөн.

Жолтандабастын 23 жаштагы айдоочусу качып кетип, кийин полициянын колуна түшкөн. Ал ошол күнү рулду мас абалында башкарып баратканы аныкталган. Ал эми жеңил унаада аял болгон. Жергиликтүү ЖМКлар аны "Куткаруучу периште" деп аташты.