Жалал-Абад: өлкөгө террордук максат менен кайтып келген киши кармалды

Ал 2016-жылдан бери Кылмыш кодексинин "Жалдануучулук" беренеси менен издөөгө алынган. Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунан эл аралык террордук уюмдун террордук-диверсиялык иштерди жасоо боюнча атайын даярдыгынан өтүп, мекени Кыргызстанга терактыларды жасоого жиберилген 25 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жалал-Абад: өлкөгө террордук максат менен кайтып келген киши кармалды

Ал 2016-жылдан бери Кылмыш кодексинин "Жалдануучулук" беренеси менен издөөгө алынган. 

Жалал-Абад: өлкөгө террордук максат менен кайтып келген киши кармалды

Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

УКМКдан учурда бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалашты.