Студенттер окуу жайдагы "баш оорудан" кутулат. Министрликтин убадасы

Мындай аракеттер ЖОЖдордогу бюрократияны жок кылуу жана коррупциялык иштердин алдын алуу максатында жасалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары жана колледждери бирдиктүү терезе режиминде иштөөгө өтүп, тиешелүү кызматтардын баарын бир жерден аткара баштайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

МГУ филиалынын Ош шаарына салына турчу имаратынын 3D модели көрсөтүлдү
1-декабрдан тарта студенттер окуу жайдагы кызматтардын ар бирин кыдырып убакыт кетирбей (бухгалтерия, студенттик бөлүм, кадрлар бөлүмү, деканат, китепкана, архив, жатакана, паспорт стол жана башка тиешелүү структураларды) бир жерден эле маалым кат, диплом жана башка документтерди ала алышат.

Кайсы бир кызматты алуу үчүн билим берүү мекемесине келген студентке кайсы ЖОЖдун, колледждин же кесиптик окуу жайдын структуралык бөлүмүнө барышы керектиги айтылат. Министрлик бул система окуу жайдагы документ иштерин жөнгө саларын убадалап жатат.

Мындай аракеттер өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында студенттерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, бюрократияны жок кылуу жана коррупциялык иштердин алдын алуу максатында жасалууда.