Индия: 180 метрлик кудукка түшүп кеткен бөбөк үч күндөн бери куткарыла элек

Башында бөбөк 10 метр тереңдикте турган, бирок куткаруучулар кечээ бала андан да ылдыйга түшүп кеткенин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Индияда тереңдиги 180 метр болгон кудукка түшүп кеткен баланы үч суткадан бери алып чыга албай жатышат. Бул тууралуу BBC жазды.

Окуя Индиянын түштүгүндөгү Тамил Наду штатында болгон. Эки жаштагы Суджит Уилсон 25-октябрда көчөдө башка балдар менен чогуу ойноп жүрүп кокусунан кудукка түшүп кеткен.

Чөккөн балага алгачкы медициналык жардамды кантип туура көрсөтүү керек. Видео
Башында бөбөк 10 метр тереңдикте турган, бирок куткаруучулар кечээ бала андан да ылдыйга түшүп кеткенин айтышкан. Баланын апасы өзү куткаруу максатында атайын кап тигип кудукка ыргытып, чүрпөсүн алып чыгууга аракет кылган. Тилекке каршы, андан майнап чыккан эмес.

Куткаруучулар кудуктун ичине атайын каражаттардын жардамы менен кислород киргизип жатышат, бирок ал баланын отурган жерине жетер-жетпеси белгисиз.

Аркан менен түшүү аракетинен да натыйжа болбогону айтылат. Кудукка түшүрүлгөн камера баланын дем алып жатканын көрсөттү.

Бул окуядан кийин Индиянын активисттери колдонулбаган кудуктарды ачык калтыргандарга айып пул салууга чакырып жатат.