Бишкектин негизги көчөлөрүндө газ эки күнгө өчүрүлөт

Оңдоо иштерине байланыштуу жаралган ыңгайсыздык үчүн "Бишкек газ" ишканасы борбор калаанын тургундарынын кечирим сурайт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Горький, Тыныстанов, Кулатов, Панфилов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө газ эки күнгө өчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жаратылыш газынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштеринен улам болуп жатканы айтылган. Буга байланыштуу 30-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү 342 абонент көгүлтүр отсуз калат.

Жаралган ыңгайсыздык үчүн "Бишкек газ" ишканасы борбор калаанын тургундарынан кечирим сурайт.